Президенттин Администрациясынын мурдагы имаратында Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерциялык министрлиги жайгашат. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге жана Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге иш кабинеттерин тапшырды. Төрага министрликтердин жаңы жайгашуусу алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кызматкерлердин ортосундагы ыңгайлуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга жардам берерине ишеним билдирди. Акылбек Жапаров ведомстволордун алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга жаңы шарттарда ийгиликтүү жана жемиштүү иштөөнү каалады.
Флаги блока:
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
Youtube (УТРК) - / @utrkkgchannel
Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм - https://t.me/ktrk_live