Кара-Кулжа милициясынын кызматкерлери кармалды

Published: 02 November 2022
on channel: Ала-Тоо 24
51,601
514

Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү, ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмыш ишти оң жакка чечип берем деп 120 миң сом талап кылган Ош ОИИБнин Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты. Азыркы учурда, кармалгандар УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.