Айсулуу Алмаз Канаданын Монреаль шаарында жашап, укук жана финансы кызматтарын берген эл аралык фирманын финансы адиси болуп иштеп келет. Аны менен катар коомдогу көңүл өйүткөн көйгөйлөрдү көзгө сая көрсөтүп, өзгөчө үй-бүлөлүк баалуулуктар, кайнене-келин, аял-күйөө мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүшүп, пайдалуу, кыргызча блог алып барат.
Коногубуз менен жогорудагы темаларды улай келиндик жашоо, ата-эне,түгөй, кайын журт менен дени сак мамиле куруу, өзгөчө мазмундагы жана мыкты сапаттагы китеп чыгаруу, жазуучулук стиль, чет элде жашоо ж.б темалардын тегерегинде кеп курдук.
***
Подкаст даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Technopark coworking" борборуна ыраазычылык билдиребиз!
Бул борбордо:
IT адистер үчүн иштөөгө ыңгайлуу орундар
Конференц-зал
Подкаст студия
Заманбап китепкана
2-8 кишилик командалар үчүн офистер
Чоңдор үчүн оюн-зоок аянттары ж. б орун алган.
Инстаграм: @techcoworking.kg
Телефон: 0990111333
Дареги: Горький 1/2
00:00 - Окурман китеп аркылуу жөнөкөйлүккө жете алабы?
01:45 - Тааныштыруу
02:55 - Сизди таасирленткен китеп?
04:40 - Кичинекей кезимде журналист, жазуучу болууну кыялданат элем
05:28 - Кыз финансылык көз карандысыз болуу керек деген үй-бүлөдө чоңойдум
06:28 - Данек өнгүсү келсе ташты да жарып чыгат
07:10 - Мени үч адам тарбиялады
09:50 - Баланын мээси 3-5 жашка чейин ийкемдүү болот
11:23 - Кыргызстанга келгенде кандай өзгөрүүлөрдү байкадым?
12:45 - Руханий байлыкпы же материалдык байлык?
16:45 - Беш жылдай психологиялык изденүүдө жүрүп күндөлүк жазып,китеп чыгардым
19:10 - Кийинки китебим кыргыз адабиятындагы жаңы багыт болот
20:40 - Мен окурмандарымдан эч нерсе жашырбайм
24:40 - Бизде жаштарды басынтып койгон учурлар болот
28:10 - Аял катары жазуучулардан Зуура Сооронбаевага таянам
29:55 - Жазганда жан дүйнө тынчтыгын табам
36:10 - ЖӨНӨКӨЙЛҮК жаңы замандагы сулуулук!
39:29 - Китеп текчемде кандай китептер бар?
40:56 - Кыргыз адабияты жаңычылдыкка муктаж
43:00 - Элдик адам болууну каалаган соң тилдеп,сөккөндөргө даяр болуу керек экен
50:49 - Үй-бүлөлүк оор көйгөйлөрдү көтөрүп чыкканда кайын журтум туура эмес кабыл алды
54:05 - Жакындарым мени коркунучтуу адам катары көрүп калды
59:24 - Келин болуу ушунчалык оор
1:00:45 - Үй-бүлө куруу үчүн жалгыз төшөккө жатканды билүү жетишсиз
01:02:54 - Курмандыкка кабылган келиндин портретин куруп бүттүм
01:05:03 - Коомдук жоопкерчилик мен үчүн абдан маанилүү
01:07:52 - Чет өлкөдө жашаган үчүн кыргызча аудиокитептерди угам
01:09:02 - Чет элде жашаган кыргыздардын балдарынын тили чет тилде чыгып, кыргыз тилин билбей калабы?
01:11:45 - Бала өзүн бир бүтүн сезиши үчүн эне тилин билиши керек
01:13:17 - Жыйынтыктоо
#рухазык #аудиокитеп