Подкаст даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Technopark coworking" борборуна ыраазычылык билдиребиз!
Бул борбордо:
IT адистер үчүн иштөөгө ыңгайлуу орундар
Конференц-зал
Подкаст студия
Заманбап китепкана
2-8 кишилик командалар үчүн офистер
Чоңдор үчүн оюн-зоок аянттары ж. б орун алган.
Инстаграм: @techcoworking.kg
Телефон: 0990111333
Дареги: Горький 1/2
------------------
Бизде ЖАҢЫЛЫК!
Буюрса мындан каналга аудио китептер менен катар подкасттарды чыгарабыз.
Анда белгилүү чыгармалардын авторлору,акын-жазуучулар, ар кайсы тармактын белгилүү инсандары, китеп көп окуган талдоочулар катышат.
Биздин алгачкы коногубуз КРнын эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын шакирти, акын жана жазуучу Бактыгүл Сейитбекова.
Бактыгүл Сейитбекова “Чоочун киши” романын автордун тапшырмасы менен улантып жазган.
Бүгүн баарлашууда эки жазуучунун жолугушуусу, “Чоочун киши” романынын негизги өзөгү, андагы каармандардын коомго берээр сабагы, окуянын уланышы тууралуу кенен маалымат айтылат.
Чыгармадагы Толкунбек, Жайнагүл, Зыйнатка байланыштуу көп суроолордун жообун ушул подкасттан таба аласыздар.
00:00 -Башталышы
0:34 - “РухАзык” эми подкасттарды тартуулайт
3:07 - Зуура Сооронбаева менен таанышуу
5:25 - Зуура эженин армандуу сүйүүсү жөнүндө чыгарма жаздым
8:40 - “Чоочун киши”романы кантип жазылган?
9:40 - Зуура эже романды улантып жазууну аманат кылды
12:00 - Чыгарма болгон окуянын негизинде жазылганбы?
15:40 - Толкунбек, Жайнанын образы кайдан алынган?
17:40 - Жайнагүлдүн күйүтү ооруга,өлүмгө алып келет.
22:05 - Эне менен бакма баланын мамилеси
23:40 - Айгерим кимдин кызы?
27:00 - Автор элдин суранычы менен чыгарманы уланткан
30:00 - Улантып жазам десем уурдаган дегендер болду
33:20 - Зуура эже алгач келинин жактырган эмес
36:00 - Чыныгы жашоодо баласын таштагандар бар
39:20 - Толкунбек кандай адам?
41:40 - Зыйнат караан издегенби?
45:50 - Толкунбек дагы кимге үйлөнөт?
46:10 - Эркектерге эки аялдуулук жагабы?
49:10 - Чыгарма аягына чыктыбы?
53:30 - “Чоочун киши” сериалын чыгармадан чыкпай,өзөгүн бузбай тартса деп суранам
57:20 - Жакында үчүнчү китептин аудиосу чыгат.
59:30 - Элдин китепке болгон кызыгуусу кубандырат
***
📣Эскертүү❗️❗️❗️
“Рух азык” каналына жүктөлгөн баардык видео материалдарды, аудиокитептерди көчүрүп таратууга же башка каналга жүктөөгө тыюу салынат❗️ Баардык укуктар корголгон ©️