1 - бөлүм | Астра гүлү -Зуура Сооронбаева |

Published: 14 February 2020
on channel: Рух Азык
418,776
4.6k

Кутман кеч достор!!! Баарыңыздарды эл аралык китеп белекке берүү күнү менен куттуктайм!!! Дал ушул күндөн тартып биз сиздерге аудио китептерди белекке берүүнү баштадык! Колуңузга алып окууга мүмкүнчүлүк болбой жаткан китептерди, эми каалаган жерде, каалаган убакта уга аласыз! Өзгөчө чет жерде жүргөн, аймактардагы мекендештерге пайдасы тиет деп ишенебиз.
Айтмакчы, эң алгач сиздер үчүн үй-бүлө, сүйүү, турмуш темасында эң мыкты чыгармаларды жазган таланттуу калемгер Зуура Сооронбаеванын " Астра гүлү" чыгармасын тартуу этебиз. Анткени, учурунда автордун бул повести болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, ошол кездеги эң көп окулган чыгармалардын бири болгон. Демек, сизди да кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.
Анан да, бүгүн китеп белекке берүү күнү эле эмес, "14- февраль махабат күнү" дегендер да бар. Демек, махабат күнүндө , сүйүү, үй-бүлө темасында жазылган биздин аудио китеп белегибизди кабыл алып, угуп коюңуздар!!!
Китепти окууда кетирген кемч илиги биз болсо кечирип, жакса жакшы кебиңиздерди күтөбүз!!!

Окуган: Умсунай Өсөрова
Анан да мындан ары жан дүйнөңүзгө азык болгон керемет китептерди, ой өрүшүңүздүн өсүшүнө жардам берген маалыматтарды угуу үчүн, , " Рух Азык" Ютуб каналына баш багып турууну, катталып коюуну унутпаңыз!!!
________________________
📣Эскертүү❗️❗️❗️
“Рух азык” каналына жүктөлгөн баардык видео материалдарды, аудиокитептерди көчүрүп таратууга же башка каналга жүктөөгө тыюу салынат❗️
Баардык укуктар корголгон©️